Талас Жаштары

Талас Жаштары Талас районунун Жаштары

19/02/2026
Талас райондук маданият бөлүмүндө,талас райондук жаштар иштери боюнча координаторлордун уюштуруусунда “Жаш ишкер:Салттуу...
19/02/2026

Талас райондук маданият бөлүмүндө,талас райондук жаштар иштери боюнча координаторлордун уюштуруусунда “Жаш ишкер:Салттуу дыйканчылыктан-кирешелүү бизнеске” аттуу тегерек стол,бизнес-отурум өткөрүлдү.Иш чарага райондогу жаш ишкерлер: Абдрахманова Жибек Нурдиновна-Кең-Кол а\ө,варенья чыгарган ишкана
Жадыл уулу алтынбек-Кең-Кол а\ө,балык багуу, Исмаилова Жибек Бакытовна -Каракол а\ө, бал сатуу боюнча, Токтобек уулу Абдынасыр (арашан боюнча мал чарбасы),
Азбеков Чынгыз Талантбекович (малина өстүрүү,дыйканчылык) катышып,кызыктуу маек куруп беришти.
Тегерек столдун максаты:

1. Жаш ишкерлерди эл ичине таанытуу:Айыл ичинен чыккан, өз алдынча иш баштаган жаш адистердин эмгегин коомчулукка көрсөтүү жана алардын кадыр-баркын көтөрүү.

2. Тажрыйба алмашуу жана мотивация:Жаш ишкерлердин ортосунда түз байланыш орнотуу. Бири-биринин ийгиликтерин жана каталарын угуу аркылуу жаңы баштап жаткандарга дем берүү.

3. Үлгү көрсөтүү:Айылдагы башка жаштарга «өз жериңде деле кирешелүү бизнес кылса болот» деген ишенимди жаратуу жана аларды эмгекчилдикке чакыруу

4. Жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо жана багыт берүү:Жаш ишкерлердин көйгөйлөрүн ачык талкуулап, эксперттердин жардамы менен аларга туура жол көрсөтүү жана бизнес-байланыштарын кеңейтүү болду.
Иш чарага Талас райондук администрациясынын акиминин орун басары Венера Табалдиевна катышып, жаш ишкерлерди колдоп,жергиликтүү бийлик тарабынан алдыңкы жылдары жардам көрсөтөбүз деген жакшы оюн билдирди.

“Келечек-билимдүү жаштарда ”- Жаш активисттердин отуруму. Талас районундагы активдүү жаштар чогулуп,жылдык пландар талку...
29/01/2026

“Келечек-билимдүү жаштарда ”- Жаш активисттердин отуруму. Талас районундагы активдүү жаштар чогулуп,жылдык пландар талкууланды.
Отурумга Талас райондук администрациясынын акиминин орун басары Мамбеталиева Венера Табалдиевна,Талас райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Нуржан Социалович катышып өз сунуштарын айтышты.

Address

Талас
Talas

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Талас Жаштары posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category