07/04/2026
Бүгүн, 6-апрель күнү Тентике Өмүралиев атындагы Алмалуу ЖББМ де соцпедагог Төлөбекова Канышай Муратбековна тарабынан 9–11-класстын окуучуларына “Зордук-зомбулукту алдын алуу” темасында семинар өткөрүлдү.
Семинар абдан жакшы деңгээлде өтүп, окуучулар чоң кызыгуу менен активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мугалим тарабынан ар кандай кызыктуу тапшырмалар, талкуулар жана интерактивдүү оюндар даярдалып, окуучуларга пайдалуу маалыматтар жеткирилди.