68 А.Осмонов атындагы ЖББМ

68 А.Осмонов атындагы ЖББМ №68 А.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖББМ

01/10/2025

Бүгүн, 1-октябрь Карылар күнүнө карата №68 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинде тарбиялык мааниси чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов келип, куттуктоо сөзүн айтып, мектеп жамааты менен окуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

2025-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 А. Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинде жаңы ок...
01/09/2025

2025-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 А. Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинде жаңы окуу жылына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Билим күнү – билимге, тарбияга жана келечекке багыт берген өзгөчө майрам.
Иш-чара мектептин аянтчасында өтүп, алгач мектеп директору Жумакунова Саадат Бактыгуловна сөз сүйлөп, окуучуларды, ата-энелерди жана мугалимдерди жаңы 2025–2026-окуу жылы менен куттуктады. Андан соң Ленин райондук муниципалдык администрациясынын башчысы Тариел Айтиев да куттуктоо сөзүн айтып, окуучуларга терең билим, ийгиликтер жана чоң жетишкендиктерди каалады.
Майрамдык иш-чарада 1-класска жаңыдан кадам таштап жаткан наристелерге өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле чыгармачыл окуучулар тарабынан ыр, бий жана музыкалык номерлер аткарылып, мектеп жамаатына майрамдык маанай тартууланды.
Жаңы окуу жылы бардык окуучулар үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү болушу тиленет!

22/08/2025
22/08/2025

2025–2026-окуу жылына карата Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 А. Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинде жаңы окуу жылына даярдык
№68 А. Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектеби 1988-жылы типтик долбоор боюнча курулуп, жалпы аянты 9 433,8 м² түзөт. Мектеп имараты 1 200 окуучуга ылайыкталган. Учурда билим берүү процессинде 2 576 окуучу билим алууда.
Бүгүнкү күндө мектепте жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, жаңы окуу жылына даяр болду. Жаркыраган, таза жана коопсуз мектеп өзүнүн билим алууга умтулган келечек муундарын тосуп алууга толугу менен даяр.

Address

Токтогул 220
Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when 68 А.Осмонов атындагы ЖББМ posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category